Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эти Бакыр» компаниясын калкалагандар кимдер?

Көп убакыттан бери Түркиялык «Эти Бакыр» компаниясынын тегерегиндеги ызы чуу токтобой келет. 3-декабрь күнү да Чаткалдагы Терек-Сай айыл аймагында 400гө чукул эл чогулуп, чет элдик кенчилерге каршы митинг болуп өттү

Чаткал районундагы Терек кени 1941-жылы,Тереккан 1934-жылы ачылган. 1950-2001-жылдары бул кендерди Кадамжайдагы Сурма комбинаты иштетип келген. Теректе 14,644 тонна, Перевальное кенинде 7,502 тонна жана Терекканда 5,062 тонна алтындын запасы бар экени маалым.

Жоопкерчилиги чектелген «Эти Бакыр Терексай» коому 25% үлүшү бар «Кыргызалтын» Ачык Акционердик коому менен 75% үлүштүү «Эти Бакыр» түрк компаниясынын биргелешкен ишканасы.

2015-жылдын ноябрь айында мамлекет тарабынан өткөрүлгөн кенди иштетүү сынагында ушул «Эти Бакыр» түрк компаниясы жеңип алып, сынактын шарты менен лицензия үчүн 20 миллион доллар төлөгөн делет документтерде.

2018-жылдын февраль айындагы маалымат боюнча компанияда жергиликтүү тургундардын 96% и эмгектенип,алар 352 кызматкерди түзөт. Бирок, акыркы жарым жылдын ичинде эле жумушчулар кыскарып отуруп,бүгүнкү күндө 200 дүн тегерегинде гана жумушчу иштеп жатат.Мындай көрүнүш элди митингге алып чыгуунун себеби болду.

3 жыл мурунку келишим боюнча жергиликтүү жашоочулардын керектөөлөрү үчүн «Эти Бакыр» жыл сайын 15 миллион сом акча каражатын бөлүп берүүнү убада кылган. Бирок, терексайлыктардын айтымында айыл ичинде 5 километр жер курулуп асфальтталган. Андан башка жаңы курулуштар жок дешет алар.

Келишим боюнча «Эти Бакыр» бир жыл ичинде чалгындоо иштерин жүргүзүп, калган эки жыл аралыгында алтын өндүрүүчү 4 ишкана курмак. «Эти Бакырдын» Чаткалда иштегенине быйыл 3 жыл болду,бирок,ал фабрикалардан дайын жок.Келишим боюнча фабриканын бирөөсүнүн баасы 100 миллион доллар турат. Алтын өндүрүүчү ал ишканаларда цианид пайдаланыла тургандыгы маалым болду. Терексайлыктар бүгүнкү күнгө чейин ал фабрикалардын курулушуна каршы.Анткени, чалгындоо иштеринде эле ишканадан агып чыккан агынды суулар жергиликтүү сууну булгап жаткандыгы билинди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жергиликтүү тургун малын издеп «Эти Бакыр» компаниясы турган жерге тосмо коюлганын байкап, андан өтүүгө аракет кылган. Бирок, «Эти Бакырды» кайтарган атайын багыттагы кызматкерлер терексайлык жигитти тосмодон ары өткөрбөй опузалап ур-токмокко алышкан.Ызаланган жигит айыл жаштарын чакырып келип, «Эти Бакырды» кайтаргандарды токмоктошот. Натыйжада Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы терексайлык 15 баланы «тергөөгө сурак берет» деген шылтоо менен кармап кетип камап коет.Бир айга жакын убакыттан бери ошол окуянын айынан жергиликтүү эл митингге чыгып, бийликке бир нече талап коюшууда. «Балдарыбыз токтоосуз чыгарылсын, цианид менен иштеген алтын өндүрүүчү фабрикалар курулбасын, айлыктар көтөрүлсүн» деген талаптар аткарылбаса «Эти Бакырдын» кетишин талап кылууда.

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын жашоочулары айыл өкмөт менен акимге ишенбей турганын билдиришип, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөткө жана президент Сооронбай Жээнбековко чейин кайрылышкан.

Терексайлыктардан «Кыргызалтын» ишканасынан келип кабар алышкан. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен, Жалал-Абад облусунун губернатору да келип эл менен сүйлөшүп кеткен. Терексайлыктардын айтымында Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев өзү туурасындагы ушактарга чекит кою максатында Терек-Сайга келип, «Эти Бакыр» менен байланышы жоктугун айтып, түркиялык компанияны калкалагандардан эмес экендигин билдирип актанып кеткен.
Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин комитетинде Терек-Сайдагы абал жөнүндө маселе көтөрүп, Өкмөт тез арада Чаткалга барып элден кабар алсын деген талабын койду.

3-декабрь күнкү митинг учурунда терексайлыктар жол четине боз үй куруп башташканда милиция кызматкерлери уруксат бербей коюшту. 4-декабрь күнү митинг уланаарын билдирген терексайлыктар кечке жуук тарап кетишти. Бул окуя боюнча өлкөнүн Ички Иштер Министрлиги азырынча үн ката элек. Өкмөт тараптан да азырынча иш-аракеттер байкала элек.


Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх