Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын жетекчисинин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Ал киши Жалал-Абад санаторийинин директору болуп туруп, 42 миллион сомдук зыян келтирген

Профсоюздар федерациясынын алдындагы «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын башчысынын орун басары А.М.Д. мекемеден акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кылмыштуу схеманы уюштурган деп шектелген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Белгиленгендей, А.М.Д. 2012-2021-жылдары Жалал-Абад санаторийинин директору болуп иштеген.

«Ошентип, кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында А.М.Д. Көрсөтүлгөн мезгилде Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда A.M.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат», - деп жыйынтыктады мамлекеттик комитет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх