Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000ге жетти

Өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланды

Түркиянын түштүгүндөгү катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921ге жеткенин Anadolu агенттиги Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезарга шилтеме берүү менен билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, дагы 15 834 адам жаракат алган.

Буга чейин Түркиянын вице-президенти Фуат Октай урандылардын астынан жалпысынан 7840 адам тирүү куткарылганын билдирген.

Президент Режеп Тайып Эрдоган өлкө боюнча жети күндүк аза күтүү жарыялады.

Эске салсак, кечээ Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де 7,7 балл жана 13,24тө 7,6 балл). Күчтүү жер титирөөлөр Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия, Тартус жана Ракка шаарларында кыйроого алып келди. Сирияда учурда 810 адам каза болуп, 2300 адам ооруканада жатат.

Түрк бийлиги жер титирөө коркунучу сакталып жатканын маалымдан, калкты үйлөрүнө кайтпоого чакырды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх