Казакстандын өкмөтү отставкага кетти
Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл алды
Казакстандын Алихан Смаилов башында турган өкмөтү отставкага кетти.
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев бүгүн өкмөттүн отставкасын кабыл алып, тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү.
Президент Казакстан Республикасынын өкмөт мүчөлөрүнө «өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантууну» тапшырды.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз