Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Диксон Окампонун доклады эмне үчүн армян жикчилдери тарабынан саясий бир жактуу экенин түшүндүрдү

Карабактагы армян орусиячыл жикчилдердин “президенти” Арайик Аратюняндын буйругу менен Эл аралык кылмыш сотунун экс-прокурору Луис Морено Окампо “2023-жылдагы армян геноциди” деген чуулуу ат менен баяндамасын жарыялады. Окампо Эл аралык кылмыш сотунун прокурору кызматынан 2012-жылы кеткен, ошондон бери дүйнөлүк маалымат каражаттары анын атын коррупциялык жаңжалдар жана кылмышкерлердин кызыкчылыктарын коргоо контекстинде гана жазып келишет. Ошого карабастан 9 күндүн ичинде даярдалган “эксперттик корутунду” басма сөздүн көңүлүн буруп, бул тууралуу The Washington Post, CNN, Forbes, ABC News, Associated Press жана башка бир катар басылмалар жазды.

Окампонун отчетуна жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес, юристтер, укук коргоочулар да реакция жасашты. Эң жүйөлүү комментарийди Ооганстанда, Кенияда, Британияда, Грузияда, Египетте, Сирияда, Суданда, Руандада, Югославияда иш жүргүзүү тажрыйбасы бар эл аралык укук боюнча эксперт Родни Диксон берди...

Диксондун пикири өзгөчө кызыгууну жаратты. Анткени, ал божомолдонгон геноциддерге байланыштуу айыптоо боюнча адис. Бирок Окампо прокурор болуп иштеген 9 жыл ичинде аягына чыгарган жалгыз иш бул - Конгодогу жарым аскерлештирилген топтун лидери Томас Лубангага коюлган айып болгон. Аны бардык нерсеге айыптаса болмок, бирок, геноцидге эмес.

Диксондун комментарийи калыс жана катуу юридикалык негиздеме менен 5 пункттан турат. Эң негизгиси, эксперттин эл аралык нормалардын көз карашынан алганда “геноцид” деген сөз жок экенин ынанымдуу далилдеген тезиси:

«Геноциддин» аныктамасы эки компоненттин болушун билдирет: «физикалык» (конкреттүү аракеттерди жасоо) жана «менталдык» (адамдардын тобун жок кылуу ниети). Окампонун баяндамасында, маанилүүсү нерсе ал шилтеме кылган Эл аралык соттун өкүмдөрүндө бул эки элемент тең жок. "Геноцид деген айып негизсиз", - деп жыйынтыктайт Диксон.

Диксон белгилеген дагы бир маанилүү нерсе - «баяндамадагы «фактыларга» карата тандалма мамиле». Окампо Карабакка гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү негизги жол – Лачын жолу жабылганына байланыштуу ойдон чыгарылган «геноцид» жөнүндө айтып жатат. Бирок ошол эле учурда экс-прокурор гуманитардык жүк ташуучу Агдам-Ханкенди жолунун Азербайжан аймагы аркылуу өткөнүн атайылап айткан эмес.

Окампонун мындай бир жактуулугун жана компетентсиздигин анын армян жикчилдеринин кызыкчылыгына аралашуусу менен оңой эле түшүндүрүүгө болот. 29-июлда Арутюнян Окампого Карабактагы кырдаал боюнча комментарий берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул коомдук факт. Экс-прокурор 9 күндүн ичинде Кремль колдогон жикчилдердин “буйруктарын” аткарды. 9 жылда бир ишти араң бүтүргөн мурдагы прокурору Карабактагы кырдаалды 9 күндө эле талдап койгону кызык.

«Отчёт тынчтыкты көздөп жаткан Армения менен Азербайжандын бийликтеринин ортосунда келишпестик жаратуусуна жол бербөө керек”,- деп жазат Диксон өзүнүн корутундусунда.

Бирок Армения эл аралык укук жаатындагы алдыңкы эксперттин сөзүнө кулак салбай, 11-августта БУУнун Коопсуздук кеңешине бул тема боюнча чукул жыйын чакыруу өтүнүчү менен кайрылган. Мунун бирден-бир себеби - эл аралык укук таануучунун жалган деп эсептеген Окампонун отчету болду.

Түштүк Кавказдагы саясий кырдаалдын чыңалуусунан Арутюнянга да, Пашинянга да пайда жок экени анык. Адаттагыдай эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “шашылыш жыйыны” менен коштолгон отчеттун жана андан кийинки окуялардан пайда алуучу бул бир гана Орусия. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жыл башынан бери эскертип келет.

«Орус режими Азербайжандын Карабагындагы армян азчылыгына манипуляция жасап, Түштүк Кавказда этникалык кагылышууларды тутантууда... Бул сценарий Кремльдин Грузияда, Молдовада же Украинада империялык таасир чөйрөсүн сактап калуу үчүн ойлоп чыгарган башка талаш-тартыштарды эске салат”,-деп жазды америкалык The Washington Times гезити.

Украин маалымат каражаттары “Путин Грузиядагы осетиндер менен абхаздар, Крым менен Донбасстагы орус дүйнөсүнүн колдоочулары сыяктуу эле Карабакта армян сепаратисттик куурчактарын өз максаттары үчүн колдонот”,-деп жазды.

Newsweek басылмасынын румыниялык версиясы “Карабактагы сепаратисттик маанайда ойноо Москвага Түштүк Кавказда, ошондой эле Грузиядан бөлүнүп чыккан Түштүк Осетия аймагында же Молдованын Орусия көзөмөлдөгөн чыгыш аймактарында аскердик позициясын сактап калууга мүмкүндүк берет",-деп белгиледи.

Родни Диксон өзүнүн докладын «Окампонун баяндамасы тынчтыкты эл аралык укукка ылайык чыңдоо үчүн эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин эки эсе күчөтүүгө шыктандыруусу керек»,- деген чакырык менен аяктаган.

Игорь ЧАЛЕНКО, саясат таануучу, Талдоо жана стратегиялар борборунун жетекчиси (Украина)

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх