Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиядагы президенттик шайлоо. Путин рекорддук көрсөткүч менен жеңишке жетти

Россия Федерациясындагы президенттик шайлоого катышуу боюнча тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болду

Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо протоколдордун 90% кароонун жыйынтыгы боюнча 87,21% добуш алып, жеңишке жетти. Мындай маалыматты Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Экинчи орунда Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынан талапкер Николай Харитонов 4,28% добуш менен, үчүнчү орунда 3,94% добуш менен Владислав Даванков («Жаңы адамдар»), төртүнчү орунда 3,16% добуш менен Леонид Слуцкий (ЛДПР) турат.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча президенттик шайлоого шайлоочулардын 74,22% катышты. Бул жылы Орусиядагы президенттик шайлоонун тарыхындагы эң жогорку шайлоо болду.

Белгилей кетсек, Орусиянын президентин шайлоо тарыхта биринчи жолу үч күн бою - 15, 16 жана 17-мартта өттү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх