Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстандын президенти Путинге телефон чалды

Рахмон бул кылмыш үчүн эч кандай шылтоо жок жана болушу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалганын Кремль билдирди.

Рахмон «Крокус Сити Холлдогу жийиркеничтүү теракттын натыйжасында» карапайым калктын каза болгонуна байланыштуу орус элине көңүл айтып, тилектештик сезимин билдирди. Ал бул кылмыш үчүн эч кандай шылтоо жок жана болушу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Россия менен Тажикстандын атайын кызматтары жана тиешелүү ведомстволору терроризмге каршы аракеттенүү багытында кызуу иш алып барышарын жана бул иш дагы дагы күчөтүлөөрүн белгилешти.

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы Crocus City Hall концерттик залында террористтер адамдарды атып башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар зыяратчылардын сыртка чыгышына жол бербөө үчүн адамдарды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.

Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 137 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180ден ашууну жарадар болгон.

ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх