Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москванын соту Крокус терактына байланыштуу иш боюнча дагы үч айыпталуучуну камакка алды

Атасы жана эки баласы 22-майга чейин камакта

Москванын Басманный соту Крокус Сити Холлдогу теракт боюнча иш боюнча дагы үч айыпталуучуну камакка алды.

Атасы Исраил жана эки бир тууган Аминчон менен Диловар Исломовдор 22-майга чейин камакта болушат.

Ишти кароо жабык эшик артында өттү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, террористтердин бири Аминчон Исломовду уюшкан топко 2024-жылдын январында, Диловар Исломовду 2024-жылдын мартында тарткан. Бул ишке бир туугандардын атасы Исраил да шектелүүдө.

 

Эске сала кетсек, 22-март күнү кечинде Москва районундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында террористтер атыш башташкан. Бул убакта ал жерден «Пикник» тобунун концерти башталышы керек эле. Кол салгандар адамдарды сыртка чыгышына жол бербөө үчүн аларды автоматтар менен атып, чыгуучу жерлерди өрттөшкөн.
Теракттын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 139 адам каза болуп, анын үчөө бала, 180 ден ашууну жарадар болгон.
ФСБнын маалыматы боюнча, 11 шектүү, анын ичинде терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалгандар Тажикстандын жарандары.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх