Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ террордук акт даярдаган деп шектелген Түркияда кармалган Кыргызстандын жараны боюнча маалымат издеп жатат.

«Кармалган жарандын жарандыгын тактоо иштери жүрүп жатат»

Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны менен Тажикстандын жаранынын теракт даярдаган деген шек менен кармалганы боюнча маалымат издеп жатат.

Мекемеден билдиришкендей, КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугу тарабынан кармалган жарандын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын маалымат каражаттары күч органдары Түркияда "Ислам мамлекетинин" атынан теракт жасоону пландаган Тажикстандын жараны менен Кыргызстандын жаранын кармашканын жазып чыгышкан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх