Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда мигранттардын жүрүү мөөнөтүн кыскартуу сунушталды

Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын биометрикалык маалыматтарын өлкөгө киргенде дароо чогултуу сунушталууда

Орусиянын Ички иштер министрлиги миграциялык мыйзамдардын бир катар жоболорун катаалдаткан мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Алсак, документте чет элдиктердин календардык жыл ичинде убактылуу болуу мөөнөтүн 90 күнгө чейин кыскартуу, иш берүүчүлөргө, чет элдик жумушчу күчүн тартуучулардын жана кызматтардын кардарларына көзөмөлдү күчөтүү, миграциялык мыйзамдарды бузгандар үчүн мамлекеттик органдарга, уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга жардам көрсөтүүгө тыюу салуу сунушталат.

Мыйзам долбоору ошондой эле төмөнкүлөрдү киргизүүнү сунуштайт:

- Россияга киргенде адамдын биометрикалык идентификациясын аныктоо;
- чет өлкөлүк жарандын санариптик профили;
- чет өлкөлүк жарандардын айрым категориялары үчүн Россияда жүрүүнүн көзөмөлдөнүүчү режими;
- мыйзамсыз мигранттардын укуктарын соттон тышкаркы чектөө жана башка чаралар.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москвадагы Крокус Сити Холлдо болгон теракттан кийин эл Орусиядагы миграциялык саясатты катаалдаштыруу тууралуу сөз кыла баштаган. Коопсуздук күчтөрү Wildberries жана OZON кампаларында, ошондой эле эмгек мигранттары жашаган жатаканалар менен конок үйлөрүндө рейд жүргүзө башташты.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх