Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын бир нече ири шаарларын нааразылык толкуну каптады (видео)

Көчөлөрдө атышуулар угулуп, демонстранттар суу аткычтар менен таркатылып, камакка алынууда

Түркиянын бир катар шаарларында 30-мартта өткөн жергиликтүү шайлоодон кийин нааразылык акциялары өттү.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ван провинциясынын шайлоо комиссиясы күрттөрдү колдогон талапкер Абдулла Зейданды шайлоого катыштырбоо чечиминен кийин кеминде алты чоң шаарда массалык нааразылык акциялары башталган. Ал буга чейин жеңишке жеткен, бирок мандат президент Режеп Тайып Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКП) талапкерине берилген.

Түркиянын шаарларынын көчөлөрүндө атышуулар угулуп, демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, коопсуздук күчтөрү камакка алуу жүргүзүүдө.

Тирешүү маалында жергиликтүү бийлик 3-апрелден 17-апрелге чейин массалык чогулуштарга тыюу салды.


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх