Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Стамбулдагы түнкү клубдагы өрттөн 29 адам каза болду

Каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулдагы түнкү клубда оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта өрт чыгып, 29 адам каза болгондугун Анадолу агенттиги кабарлады.

Оңдоп-түзөө иштерине жабылган түнкү клуб шаардын Европа бөлүгүндөгү Бешикташ районундагы 16 кабаттуу турак жайдын биринчи кабатында жайгашкан.

Ошондой эле 8 адам жабыркап, алардын 7си оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланды.

 

КР Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх