Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

" Алар сурабаса дагы, биз аларга гуманитардык жардам жөнөтөбүз"

Кыргызстан катуу суу ташкынынан жапа чеккен Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин казак бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн эске салды.

«Ошондой эле биз аларга гуманитардык жардам жөнөтөбүз, алар сурабаса да. Президенттин тапшырмасы менен азыр кербен даярдалууда. Ата мекендик продукция Казакстанга жөнөтүлөт», - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстанга ТЭЦтеги авариядан кийин Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх