Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер мейманкана курулат
Курулуш президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүүдө
Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер мейманкана куруп башташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, курулуш президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Мейманкана үчүн имарат буга чейин бөлүнгөн.
Мейманканада студенттер жана зыяратчылар жашайт.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз