Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада полиция Кыргызстандын элчилигинин кеңешчисинин батирине кирип келишти - ЖМК

"Дипломаттын аялынын денесине залал келтирилген"

Москвада полиция кызматкерлери Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине киришкенин ВЧК-ОГПУ телеграм каналы жазып чыкты.

Маалым болгондой, 8-апрелде Россиянын Ички иштер министрлигинин эки кызматкери Кыргыз Республикасынын элчилигинин кеңешчисинин Москвадагы жашаган дарегине чет элдик жарандын Россия Федерациясынын аймагында жүрүү негиздеринин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн келишкен.

«Аталган полиция кызматкерлери дипломаттын жана анын үй-бүлөсүнүн батирине мыйзамсыз кирип, кулпусун бузуп, кире бериш эшигин бузуп киришкендигинен тышкары, укук коргоо кызматкерлери миграциялык каттоо баракчасынын ажыратылуучу бөлүгүн берүүнү да орой талап кылышкан. Дипломат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык паспортторун жана дипломатиялык карталарын көрсөткөндөн кийин да полиция кызматкерлери миграциялык каттоо документтерин берүүнү талап кыла беришкен, натыйжада дипломаттын аялынын денесине жана жашы жете элек балдарына психологиялык жактан зыян келтирилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги чет элдик дипломатка карата мыйзамсыз аракеттер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзө элек.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх