Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Малайзияда абада эки тик учак кагышып, 10 адам каза болду (видео)

Бул окуя параддын репетициясы учурунда болгон

Малайзиянын Королдук деңиз флотунун парадына машыгуу учурунда эки аскердик тик учак абада кагылышып, он адам каза болду, деп жазат Malay Mail.

Басылманын маалыматына караганда, тик учактардын бири спорттук стадиондун тепкичтерине, экинчиси стадиондогу бассейнге кулап түшкөн. Алардын биринде үч, экинчисинде жети экипаж мүчөсү болгон.

Аскер-деңиз флоту бардык экипаж мүчөлөрү окуя болгон жерде каза болгонун жана сөөктөр өздүгүн аныктоо үчүн Лумут базасынын ооруканасына жөнөтүлгөнүн тастыктады. Окуянын себебин аныктоо үчүн тергөө органы да түзүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх