Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орск шаарына Кыргызстандан келген гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү келди (видео)

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы кыргыз элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү Орусия Федерациясынын Оренбург облусунун суу ташкынынан жабыркаган Орск шаарына келди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков кыргызстандыктарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле кыргызстандык кесиптеши Бообек Ажыкеевге телефон аркылуу ыраазычылык билдирди.

«Биздин достугубуз түбөлүктүү! Кыргыз элинин жардамы түбөлүккө эсибизде», - деди ал.


Маалым болгондой, 24-апрелде министр Александр Куренков жана «Жардам кербенин» жетектеген Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрөт.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орусиянын Оренбург облусуна гуманитардык жардам жеткирилген.


Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх