Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Тажикстан Орусияда Тажикстандын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулганын жарыялады

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Семен Григорьевге “Орусиядагы тажиктердин укуктары менен эркиндигинин бузулушуна” байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды.

Мекемеден кабарлашкандай, нота элчиге «Россия Федерациясынын аймагында Тажикстан Республикасынын жарандарына карата кескин терс мамиленин массалык көрүнүштөрүнө, алардын укуктарын жана эркиндиктерине жайылган мыйзам бузууларына олуттуу тынчсыздануу билдирүү менен тапшырылды.

«Нотада мындай аракет бир гана Тажикстандын жарандарына карата колдонулуп жатканы белгиленет, бул тажик-орус мамилелеринин рухуна жана салттарына принципиалдуу түрдө туура келбейт», — деп айтылат Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга мыйзамдуу жол менен кирүүгө аракет кылган миңден ашуун тажик жараны Москванын аэропортторунда кармалып жатканын билдирген. Ошол эле учурда мекеме алар талапка жооп бербеген санитардык шарттарда кармалып, ысык тамак менен камсыздалбаганын белгиледи.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх