Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Грузиянын парламенти чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды экинчи окууда кабыл алды

Тбилисиде нааразылык акциялары кайра башталды

Грузиянын парламенти кечээ чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Депутаттар мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен колдошту.

Мыйзам долбооруна 83 депутат макул, 23 депутат каршы добуш берди.

Эми мыйзам долбоору комитетте жана жалпы жыйында үчүнчү окууда каралат. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин айтымында, добуш берүү эки жумадан кийин өтүшү керек.

Ал арада Тбилисиде мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы менен нааразылык акциялары кайрадан башталды. Парламент имаратынын алдындагы аянтка миңдеген адамдар чогулду. Полиция акцияны басууга аракет кылып жатат.

ЖМКлардын маалыматына караганда, 63 адам кармалып, сегизи жараат алган.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх