Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шойгу мындан ары Орусиянын коргоо министри эмес. Ал жаңы кызматка которулду

Орусиянын Коргоо министрлигин эми экономист жетектейт

Орусиянын коргоо министри болуп 12 жыл иштеген Сергей Шойгу кызматынан кетти.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Президенттин башка жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын милдетин аткарып келген Николай Патрушев «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» кызматынан бошотулду.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Сергей Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматы менен бир эле убакта Россия Федерациясынын Аскердик-өнөр жай комиссиясында төраганын орун басары болот.

«Коопсуздук кеңешинин катчысы катары ал бир эле убакта аскердик-өнөр жай комплекси боюнча комиссиянын курамында Президенттин орун басары болот, ал бул ишке терең сугарылган, конкреттүү ишканаларда аскердик-өнөр жай продукциясын чыгаруунун темпин жакшы билет, бул ишканаларга бат-баттан барып турат», - деди Песков.

Орусиянын Коргоо министрлигин эми мурдагы вице-премьер-министр, экономист Андрей Белоусов жетектейт. Путин өзүнүн талапкерлигин сунуштады.

Дмитрий Песков Путиндин чечимин "бөлүм инновацияларга жана алдыңкы идеяларга ачык болушу керек" деген сөздөр менен түшүндүрдү.

Белоусов 2006-2008-жылдары Экономикалык өнүгүү министринин орун басары болгон. 2012-жылы Экономикалык өнүгүү министрлигине жетекчи болуп дайындалып, бир жылдай бул башкармалыкты жетектеген. 2013-2020-жылдары Орусия президентинин жардамчысы болгон. Ал эми 2020-жылдын январында Орусиянын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх