Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салтанат Нукенованын өлүмү. Куандык Бишимбаевге өкүм чыгарылды

Сот аны күнөөлүү деп тапты

Астана соту Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Айыптоочу орундукта Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жана анын тууганы, Гастроцентрдин директору Бахытжан Байжанов бар.

Куандык Бишимбаевге “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” жана “Кыйноо” беренелери боюнча айып тагылууда.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 24 жылга эркинен ажыратты.

Анын аталаш бир тууганы Бахытжан Байжанов 4 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин акыркы сөзүндө Куандык Бишимбаев күнөөлүү экенин, бирок атайылап киши өлтүрүү боюнча эмес экенин билдирген. «Ошол кечте мен аялымдын өлүшүн каалаган эмесмин. Мен мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Мен күнөөлүүмүн, бирок атайылап өлтүргөн эмесмин», - деди ал.

Эске салсак, Салтанат Нукенова 2023-жылдын 8-ноябрынан 9-ноябрына караган түнү Астанадагы Гастроцентрдин экинчи кабатында жайгашкан БАУ ресторанында өлтүрүлгөн. Адам өлтүрүүгө шектелип, ошол эле күнү экс-улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх