Путин менен Мирзиёев Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу маселесин талкуулашат
Орус лидери Ташкентке мамлекеттик сапар менен келди
Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Орусия лидеринин Өзбекстан Республикасына эки күндүк иш сапарынын алкагында тараптар республикада чакан атомдук реакторлору бар станцияны куруу маселесин талкуулашат. Мамлекет башчылары Өзбекстанда Орусиянын долбоорунун негизинде атомдук электр станциясын куруу темасын козгошот.
Тараптар ошондой эле орус-өзбек мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулап, актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз