Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев Женевадагы марафондо чуркады

Марафонго Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жана бир катар өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери катышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Женевада өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын ачылышынын алдында “Сөздөн ишке – тайманбастык менен бас” акциясынын алкагында өткөрүлгөн бешинчи “Ден соолук бардыгы үчүн” челленджине катышты.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр сергек адаттарды жайылтуу максатында Женевада жүздөгөн адамдарды чогулткан жөө жүрүшкө катышты.


Ден соолук бардыгы үчүн чакырык Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюстун, аймактык директору Ханс Клюгенин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин катышуусунда өттү.


 

«Чуркоо жана басуунун ден соолукка олуттуу пайдасы бар: алар жүрөк оорулары, кант диабети жана рактын кээ бир түрлөрүнүн рискин азайтат, ошондой эле дене салмагын көзөмөлдөөгө жана психикалык саламатты жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле физикалык көнүгүү адамдарды жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна тартуу жана социалдык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат», - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

 

Сүрөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх