Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мексикада мэрликке талапкер үгүт митингинде атып өлтүрүлдү (видео)

Герреро штатында шайлоо өнөктүгү маалында мэрликке беш талапкер өлтүрүлгөн

Мексиканын Коюка де Бенитес шаарынын (Герреро штаты) мэрлигине оппозициянын талапкери акыркы шайлоо митингинде атып өлтүрүлгөнүн El Universal басылмасы билдирди.

Хосе Альфредо Кабрера Барриентос шайлоочулардын арасында басып баратканда, белгисиз бирөө анын башына бир нече жолу ок чыгарган. 16 жолу ок атылганы кабарланууда.

El Universal басылмасынын маалыматына караганда, Герреро штатында шайлоо өнөктүгү учурунда шаардын мэринин кызматына беш талапкер жана депутаттык орун үчүн бир талапкер өлтүрүлгөн.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх