Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индияда катуу ысыктан улам 50дөн ашуун адам каза болду

Термометрлер 53 градуска чейин көтөрүлүп жатат

Индияда аномалдуу ысыктан кеминде 56 адам каза болгонун The Hindustan Times жазды.

Басылманын маалыматына караганда, акыркы үч айда абанын температурасы рекорддук көрсөткүчтөрдү жаңыртып, 52 градустан жогору көтөрүлүп жатат.

1-марттан бери ысыктын белгилери менен ооруканаларга 24,8 миң адам кайрылган, анын 19,2 миңи май айында.

Индиянын борбордук бөлүгүндөгү Мадхья-Прадеш штатында ысыктан 14 адам, ал эми Индиянын батышындагы Махараштра штатында 11 адам каза болду. Катуу ысыктан улам каза болгондор Андхра-Прадеш жана Ражастанда да катталды.

29-майда Делиде рекорддук температура 52,9 градус Цельсий катталды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх