Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Модини парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

"Бул жетишкендик сиздин лидерлик сапаттарыңыздын далили."

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге анын альянсынын өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Улуттук демократиялык альянсты жалпы парламенттик шайлоодогу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайм.Бул жетишкендик сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, индиялык элдин сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз астында Индиянын дүйнөдөгү ролунун жогорулашынын далили. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында активдүү диалогду жана тыгыз кызматташтыкты белгилеп кетүү өтө кубанычтуу», — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Садыр Жапаров Нарендра Модиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх