Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы «таштанды» согушу уланууда

Буга чейин Түштүк Корея чек арадагы үн күчөткүчтөр аркылуу дүйнөлүк жаңылыктарды жана K-Pop ырларын ойноткон

9-июндан 10-июнга караган түнү Түндүк Корея таштандыга толтурулган 310 шарды кайрадан Түштүк Кореяга карай учурганын Йонхап маалымат агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, бул жолу шарларда желим баштыктар жана макулатуралар болгон. Экспертиза алардан зыяндуу заттарды тапкан эмес.

Түндүк Кореянын лидери Кимдин эжеси Йо Чендин айтымында "жооп аракеттерин 9-июнда токтотуу пландалганын, бирок Түштүк Кореянын чек арадагы үн күчөткүчтөрү кайрадан иштей баштагандыктан, кырдаал өзгөргөнүн" билдирди. 2016-жылдан бери биринчи жолу башталган уктурууда дүйнөлүк жаңылыктардын кыскача мазмуну жана K-Pop музыкасы камтылган.

 

Эске салсак, июнь айынын башында КЭДР Түштүк Кореяга таштанды жана кык толтурулган шарларды учурган. Буга жооп катары түштүк кореялык активисттер коңшуларына Түндүк Кореянын режимин сындаган 200 миң баракча, 1 доллардан турган 2 миң доллар жана K-pop музыкасы жүктөлгөн 5 миң флешка жөнөтүшкөн.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх