Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рахмон Тажикстанда улуттук маданиятка жат кийимдерди кийүүгө тыюу салды

Мыйзамды сактабагандарга айып пул салынат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон улуттук маданиятка жат кийимдерди сатууга жана кийүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, Рахмон “Майрамдарды жана аземдерди өткөрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Мыйзам долбоорун Тажикстандын президенти парламентке сунуштап, палатанын депутаттары аны кабыл алып, сенаторлор 19-июнда жактырышкан.

Бул мыйзам сакталбаса, айып пул салынат. Бирок, кандай кийимдер “келгин” деп саналып, сатууга жана кийүүгө тыюу салынганы боюнча так көрсөтмөлөр жок.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда өлкө тургундары мамлекеттик кызматкерлер көчөдө хиджаб кийген аялдарды токтотуп, аларды чечип же жоолук салынышын талап кылып жатканына нааразы болушууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх