Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагестанда теракттар болду. 15тен ашык полиция кызматкери жана бир нече карапайым тургун набыт болду (видео)

Куралдуу согушкерлер православдык чиркөөлөргө жана синагогаларга кол салышкан

Дагестанда 15тен ашык полициячы террористтердин чабуулунан курман болушту. Бул тууралуу өлкөнүн башчысы Сергей Меликов билдирди.

Мындан тышкары, анын айтымында, чабуулдун натыйжасында бир нече тургундар каза болгон. Алардын арасында Дербенттеги Ыйык Бүбүайым чиркөөсүнүн ректору протоиерей Николай Котельников да бар.

Кол салуу 23-июнь күнү кечинде болгон. Белгисиз адамдар Дербенттеги синагога менен чиркөөгө ок чыгарышып, кийинчерээк Махачкалада МАИ постуна кол салышкан. Дагы бир атышуу бир нече сааттан кийин Дербентке жакын жерде жайгашкан Сергокала айылында болгон.

Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ыкчам күжүрмөн аракеттердин активдүү фазасы аяктап – алты согушкер жок кылынды. Өлтүрүлгөн террористтердин экөө Дагестандын Сергокалинск районунун башчысы Магомед Омаровдун уулдары, дагы бир чабуулчу анын жээни экенин Интерфакс Дагестандын укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Дагестанда 24, 25 жана 26-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх