Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ кыргызстандыктарга Израилге жана Ливанга барбоону сунуштайт

Ал эми буга чейин ал жакта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын өзүнүн коопсуздугун күчөтүүгө чакырат

Израил-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына бул өлкөлөргө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ал эми Кыргызстандын Ливанда жана Израилде туруктуу жашаган жарандары абал турукташканга чейин өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек.

«Ошол эле учурда шашылыш байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги Элчилигинин (+96525359951), Түркиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин (+905456896800), ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999312002), ишеним телефондору иштейт. Кыргыз Республикасынын жарандары бул көрсөтүлгөн өлкөлөрдө өтө зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх