Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагестандагы теракттар. Садыр Жапаров Путинге көңүл айтты

Дагестанда 24, 25 жана 26-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Дагестандагы терактка байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына күч-кубат, ал эми бул трагедиядан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө чечкиндүү түрдө каршы турат жана Россия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт», — деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, 23-июнда террористтер Дербенттеги синагога менен чиркөөнү аткылашкан, кийинчерээк Махачкалада МАИ постуна да кол салуу болгон. Дагы бир атышуу бир нече сааттан кийин Дербентке жакын жерде жайгашкан Сергокала айылында болгон. Кол салуулардан 15тен ашык полиция кызматкери жана бир нече тургун набыт болгон.

Дагестанда 24, 25 жана 26-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх