Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди

Жогорку деңгээлде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана бир катар маанилүү документтерге кол коюу пландалууда

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Казакстанга келгенин Акорданын басма сөз кызматы билдирди.

Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

 

«Урматтуу меймандын урматына аба портунда ардактуу кароол түзүлдү. Казакстан менен Кытай элдеринин чын ыкластуу достугунун белгиси катары төрага Си Цзиньпинди жана расмий делегациянын мүчөлөрүн эки өлкөнүн желектерин көтөргөн балдар кытай тилинде ыр ырдап тосуп алышты», - деп билдирди Акорда.

 

 Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде өткөрүү жана бир катар маанилүү документтерге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх