Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Европа чемпионатынын чейрек финалына чыккан командалар белгилүү болду

Чейрек финалда уткан төрт өлкөнүн футболчулары жарым финалда кез келет

Европа - 2024 чемпионатынын 1/8 финалы жыйынтыкталды.

Акыркы оюнда Түркия Австрияны 2:1 эсебинде, ал эми Нидерландия Румынияны 3:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо ала алды.

Ошентип Евро - 2024 мелдешинин чейрек финалында ойной турган 8 улуттук курама белгилүү болду.

5 - июлда Испания - Германия;
5-июлда Португалия- Франция;
6-июлда Нидерландия- Түркия;
6-июлда Англия- Швейцария беттештери болот.

Чейрек финалда уткан төрт өлкөнүн футболчулары жарым финалда кез келет. Алардын оюндары 10-11-июлда болот. Анда жеңишке татыган эки команда 14-июлда финалда ойношот.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда өтүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх