Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУнун эксперттери: "Ачарчылык Газа тилкесин толугу менен каптады"

Газа тилкесинде жакында бир нече палестиналык балдар ачарчылыктан өлөт

Газа тилкесинде балдар ачарчылыктан өлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Газа тилкесинде жакында бир нече палестиналык балдар ачарчылыктан өлөт", - деп белгилешти БУУнун көз карандысыз эксперттери.

Эксперттер өз билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

- 30-майда 6 айлык Файез Атая каза болгон;
- 1-июнда 13 жаштагы Абдулкадер Аль-Серхи Дейр эль-Бахлдагы Аль-Акса ооруканасында каза болду;
- 3-июнда 9 жаштагы Ахмад Абу Рейда Хан Юнистте көчүрүлгөн үй-бүлөсү баш калкалаган чатырда каза болгон.
"Үч бала тең ачарчылыктан жана тийиштүү медициналык жардамдын жетишсиздигинен каза болушкан", -деп белгилешти эксперттер.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Израилди Газадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын кылууга чакырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх