Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрдоган: "Түркия ШКУга толук кандуу мүчө болууга умтулууда"

Түркиянын максаты - ШКУга толук кандуу мүчө болуу

Түркия Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болууну каалайт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Тайип Режеп Эрдоган НАТОнун Вашингтондогу саммитинин алкагындагы маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июлдан 11-июлга чейин Вашингтондо өткөн НАТОнун саммити аяктагандан кийин журналисттерге маек курган.

"Түркиянын максаты - ШКУга толук кандуу мүчө болуу. Түркия Шанхай бештигине кирүүгө умтулууда", - деди Эрдоган. Түрк лидеринин айтымында, ал буга чейин Орусия жана Кытайдын жетекчилери менен бул маселени талкуулаган. Ал белгилегендей, азыр анын өлкөсү ШКУда байкоочу статусуна ээ.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх