Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Испания төртүнчү жолу футбол боюнча Европа чемпиону болду

Муну менен алар буга чейин 3 ирет чемпион болгон Германиядан ашып кетти

Евро-2024 мелдешинин финалында Испаниянын футбол боюнча курама командасы Англияны 2:1 эсебинде утту. Оюн Германиянын Берлин шаарындагы Олимпиада стадионунда өттү.

Чечүүчү беттештин биринчи таймы 0:0 менен аяктады. Оюндун экинчи жарымынын 47-мүнөтүндө англиялыктардын дарбазасына алгачкы голду Нико Уильямс киргизди. Англичандардын машыктыруучусу Гарет Саутгейт эки алмаштыруу жасагандан кийин, 73-мүнөттө таамай соккунун натыйжасында Коул Палмер Испания менен эсепти теңдеди.

Беттеш аяктап калганда 87-мүнөттө англиялык күйөрмандарга кубаныч тартуулап, Микель Оярсабаль жеңишти алып келген голдун ээси болуп калды.

Ошентип, Испаниянын курама командасы төртүнчү жолу Европа чемпиону аталды. Бул Европанын бардык командаларынын арасындагы рекорд. Буга чейин испаниялыктар 1964, 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен.

Муну менен алар буга чейин 3 ирет чемпион болгон Германиядан ашып кетти. Англия болсо Европа биринчилигинде катары менен эки финалда утулду.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин созулду. Ага жалпысынан 24 команда катышты.

Футбол боюнча Европа чемпионаты 1960-жылдан бери 4 жылда бир өтүп келет. Кийинки мелдеш төрт жылдан кийин – 2028-жылдын жайында өтөт. Турнирдин так күндөрү аныктала элек, бирок 8-июнда ачылып, 8-июлда аяктайт деп болжолдонууда.

Евро-2028 Улуу Британияда (Англия, Түндүк Ирландия, Шотландия, Уэльс) жана Ирландияда өтөт. Континенталдык футбол форумунун беттештери он стадиондо, анын ичинде Уэмблиде болот. Кийинки Европа чемпиондугуна тандоо турнирлери 2027-жылдын мартынан ноябрь айына чейин өткөрүлөт деп белгиленүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх