Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россия менен дипломатиялык байланышты жандандыргыла. Орбандын ЕБге сунушу

Орбан ошондой эле жакын арада Украинадагы жаңжалдын кескин өсүшү мүмкүн экенин эскерткен

Өкмөт башчы ошондой эле жакын арада Украинадагы жаңжал тездик менен өсүшү мүмкүндүгүн айткан.
Европа Биримдиги Россия менен дипломатиялык каналдарды калыбына келтирип, ошол эле учурда Украина менен байланышты сакташы керек. Бул туурасында Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Еврокеңештин башчысы Шарль Мишелге даярдаган отчетунда жазганын РИА Новости кабарлады.

“Төмөнкү сунуштарды эске алып, талкуу баштоону сунуштайм... Украина менен жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды үзбөй, Россия менен дипломатиялык тике алаканы да калыбына келтирип, саясий мамилени реабилитациялоо керек”, — деген ал.

Орбан ошондой эле жакын арада Украинадагы жаңжалдын кескин өсүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Ал отчетунда Россия, Украина, Кытай жана АКШга сапары 10 пунктудан турарын белгилеген. ЕБге төрагалык кылып жаткан Венгрия премьери документтин кээ бир бөлүктөрү элге маалым болуп кеткендиктен, анын чыпчыргасын коротпой Х социалдык тармагына койгондугун билдирген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх