Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урсула фон дер Ляйен кайрадан Еврокомиссиянын башчысы болуп шайланды

Жыйынтыгында 401 мүчө «макул», 284ү «каршы» деген добушун беришти

18-июлда Европа парламенти Урсула фон дер Ляйенди Европа биримдигинин (ЕБ) аткаруучу комиссиясынын төрайымы кызматына экинчи мөөнөткө бекитти.

«Дагы 5 жыл. Европарламенттин мага добуш берген бардык депутаттарынын ишеними үчүн канчалык ыраазы экенимди айтып жеткире албайм» деп жазды ал «X» баракчасына.

Фон дер Лейендин жеңиши 27 мамлекеттен турган блоктун саясатындагы Украинадагы согуш, климаттын өзгөрүшү жана миграция сыяктуу негизги багыттардагы иштин ырааттуу уланышынын камсыздалышы катары бааланууда.

18-июлдагы добуш берүү жабык өттү. Жеңишке жетиш үчүн Урсула фон дер Ляйенге Европарламенттеги 719 мүчөнүн кеминде 360ынын добушу керек болчу. Жыйынтыгында 401 мүчө «макул», 284ү «каршы» деген добушун беришти. Бул кызматка ал алгачкы жолу 2019-жылы шайланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх