Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусия: Депортациялана турган мигранттар полициянын чечими менен 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгарылат

Өлкөдөн чыгаруу мөөнөтүн 90 күндөн 48 саатка чейин кыскартат

Орусиянын бийлиги полициянын чечими менен административдик беренелер боюнча депортацияланышы керек болгон чет элдиктерди жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгаруу мөөнөтүн 90 күндөн 48 саатка чейин кыскартат.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, тиешелүү өзгөртүүлөр «Чет элдик жарандарды депортациялоонун миграциялык режимин киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна экинчи окууда киргизилет. Документти Мамлекеттик Дума биринчи окууда июнь айында жактырган. Анда полицияга чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу укугун берүү каралган.

Өткөн жумада Орусиянын Томск облусунда мигранттарга такси, коомдук тамактануу жана билим берүү тармагы баштаган бир катар жумуштарда иштөөгө тыюу салынган. Мурдараак «Агентство» басылмасы мындай чектөөлөр Орусиянын аймактарынын үчтөн биринде бар экенин эсептеп чыккан.

Мындан тышкары аннексияланган Крымда да мигранттардын иштөөсүнө чектөөлөр киргизилген.

2023-жылы октябрда Мамдумага мигранттарга жалпы өлкө боюнча мектептерде, медициналык мекемелерде, таксиде жана жүк ташуу тармагында иштөөгө тыюу салуу сунушталган мыйзам долбоору киргизилген.

Быйыл жазында Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөгөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх