Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн

Маск 14-июнда Tesla 2025-жылы өз ишканаларында бир нече миң роботту ишке киргизерин айткан

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск адам сымал роботтордун массалык өндүрүшү 2026-жылы башталарын айтты. Бул туурасында анын Х социалдык тармактагы баракчасында айтылат.

Өз кайрылуусунда ал келерки жылы роботтордун чакан партиясы ички колдонуу үчүн чыгарылып, бир жылдан кийин массалык өндүрүш башталарын билдирди.

Масктын айтымында, техника жасалма интеллект, ошондой эле компаниянын унааларында колдонулган ар кандай датчиктер менен жабдылат.

Адамдын бетинин ордуна монитор орнотулуп, анда пайдалуу маалыматтар чыгып турат.

Масктын божомолуна ылайык, 2040-жылы Жер бетинде бир миллиардга жакын мындай роботтор пайда болушу мүмкүн, деп белгилейт “Подмосковье сегодня” интернет-басылмасы.

Эске салсак, Маск 14-июнда Tesla 2025-жылы өз ишканаларында бир нече миң роботту ишке киргизерин айткан. Бизнесмен адам сымал роботту чыгаруу идеясын 2021-жылдын август айында сунуштаган. Долбоор Optimus деп аталат, модель адамдын көлөмүндөй болот жана болжол менен 20 кг салмакты көтөрө алат.

Компания биринчи Optimus роботун 2022-жылдын жазында көрсөткөн. Анын баасы 20 миң доллар болору айтылган. Анда Маск убакыттын өтүшү менен мындай машиналарды өндүрүү Tesla′нын унаа бизнесине караганда көбүрөөк мааниге ээ болушу мүмкүн экенин жана жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жеңүүгө жардам берерин айткан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх