Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарованын атаандаштары белгилүү болду

Беттештер бүгүн, 5-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат

Кечээ, 4-августта, Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында спорттук күрөш (грек-рим жана кыз-келиндер) боюнча чүчү кулак тартылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков (60 кг) 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашат.

Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 кг) монголиялык Делгермаа Энхсайхан аттуу балбан менен беттеш өткөрөт.

Беттештер бүгүн, 5-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх