Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтын медалга карай бир кадам. Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын финалында күчүн сынайт

Финалда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова америкалык спортчу Амит Элор менен кез келет

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн финалда күчүн сынайт.

68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова 1/2 финалда Нигериянын балбаны Блессинг Оборудуду менен беттешти. Финалга чыгуу үчүн спортчулар килем үстүндө болгон аракетин жумшашты. Жарым финалдын жыйынтыгы менен спортчу Мээрим Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1эсебинде утуп, жеңишти камсыздады.

Финалда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова америкалык спортчу Амит Элор менен кез келет.

Белгилей кетсек, 1/4 финалда Япония балбаны Ноноки Озакини 8:6 эсебинде татыктуу жеңген.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда Монголиянын балбаны Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен утуп алган эле.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр бүгүн, 6-августта өтмөй болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх