Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Париж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын утуп, чейрек финалга чыкты

Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бей буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу АКШ балбаны утса, бир ирет Махмудов жеңишке жеткен

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов мелдешке чыгып, алгачкы атаандашы АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты.

Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бей буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу АКШ балбаны утса, бир ирет Махмудов жеңишке жеткен.

2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында Акжол жарым финалда кабыргасын ооруксунтуп алып, финалда АКШ спортчусу Камал Амеер Бей менен таймашта жеңилген. Бирок бир жылдан кийин дал ушул дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште дал америкалык балбанды жеңип, реванш алып күйөрмандарын кубанткан.

Камал Амеер Бей 25 жашта. Панамериканын чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону.

25 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021), Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх