Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азаматсың! Париждеги Олимпиадада Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды

68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова чечүүчү беттеште америкалык спортчу Амит Элор менен күрөштү

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды.

68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова чечүүчү беттеште америкалык спортчу Амит Элор менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу ага 3:0 эсебинде жеңилип, өлкө куржунуна Париждеги Олимпиада оюндарынан күмүш медалды салды.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттешин баштап, анда монголиялык балбан Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Озакини 8:6 эсебинде жеңген. Жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1эсебинде утуп, алтын медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

25 жаштагы Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси (2020), Токиодогу Олимпиаданын коло медаль ээси (2020), Азиянын чемпиону (2021). Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх