Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балбан Акжол Махмудов Париж Олимпиадасынын коло байгесин багындырды

Учурда өлкө куржунунда 4 медаль - 1 күмүш, 3 коло бар

Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды.

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган.

Андан кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгып, колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде жеңип кеткен.

Учурда өлкө куржунунда 4 медаль - 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов коло байге, 97 кг салмак ченинде Үзүр Жусупбеков коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх