Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Инспектор аялын, 7 айлык баласын, андан соң өзүн атып таштады

Трагедиялуу окуянын алдында ал аялы менен урушуп кеткен

Ташкент облусунда профилактика боюнча инспектор аялын жана 7 айлык баласын кызматтык тапанчасы менен атып өлтүрдү. Андан соң ал өзүн дагы атып таштаган.

Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, окуя 6-август күнү кечинде инспектор жашаган кызматтык батирде болгон.

Маалыматка караганда, трагедиялуу окуянын алдында ал аялы менен урушуп кеткен.

Бул факты боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх