Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев Парижде

Министр спорттук мелдештерге барып, мелдештерге катышып жаткан кыргызстандык спортчуларды активдүү колдоого алды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-8-август аралыгында Парижде иш сапары менен жүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Франциянын саламаттыкты сактоо министри менен жолугушуу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы ниеттер жөнүндө декларацияга кол коюу пландалууда. Бул документ эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары, министр спорттук мелдештерге барып, мелдештерге катышып жаткан кыргызстандык спортчуларды активдүү колдоого алды.

Ал ошондой эле медициналык борбордо болуп, спортчулардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуучу медициналык бригаданын иши менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө медициналык тейлөө маселелери талкууланып, спортчуларды мыкты физикалык формада кармоо жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх