Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ кыргызстандыктарга Россиянын үч облусуна баруудан карманууну сунуштайт

Зарылдык келип чыкса, Кыргызстандын жарандары телефондорго кайрылып, тиешелүү жардам же консультация алса болот

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россиянын үч облусуна баруудан карманууну сунуштайт.

“Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына учурдагы абал турукташканга чейин Россиянын аталган аймактарына баруудан убактылуу кармануу сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, зарылдык келип чыкса, Кыргызстандын жарандары төмөнкү телефондорго кайрылып, тиешелүү жардам же консультация алса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх