Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Америкада кыргызстандыктын сабалышы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америкада кыргызстандыктын сабалышы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

"Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда АКШда велосипед тээп бараткан өспүрүмдөр кыргызстандыкка кол салып, тоноп кеткени тууралуу маалымат тараган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх