Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таиландда маймыл чечек оорусунун бир учуру катталды

Жугуштуу илдет Африка өлкөлөрүнө барып келген бейтаптан аныкталган

Таиландда маймыл чечек оорусунун 1b түрүн жугузган бир учур катталды. Бул тууралуу ТАСС The Nation журналына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, жугуштуу илдет Африка өлкөлөрүнө барып келген бейтаптан аныкталган.

2022-жылдын январь айынан 2024-жылдын 11-августуна чейин Таиландда маймыл чечек оорусунун 827 учуру катталган. Анда оору жугузуп алгандардын бардыгынан вирустун 2b түрү тастыкталган эле.

Маймыл чечек оорусу – Африка өлкөлөрүндө кездеше турган жугуштуу оору. Бул илдеттин жаныбардан адамга жуккан алгачкы учуру 1970-жылы Конгодо катталган. Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Африкадагы маймыл оорусунун таралып жатышын эл аралык деңгээлдеги коомдук эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө маймыл чечек оорусу катталбаганын, алдын алуу чаралары күчөтүлгөндүгүн белгилеген болчу.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх